Бишкек мэриясына караштуу көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбаганы жана таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо фактылары боюнча рейддерди улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Объекттин айланасындагы тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат. Ошондой эле, таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандарга 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып салынат.
"Бул бузуулар боюнча 66 миң сомго 7 протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Анын ичинен төмөнкү юридикалык жактарга протоколдор түзүлгөн: