Бир мандаттуу эки округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт

29.02.2024, 09:30 Акчабар
Бир мандаттуу эки округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт

Бир мандаттуу эки округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Кеп Кара-Суу жана Баткен округдары тууралуу болуп жатат. Парламентке бул райондордон келген Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев өткөн аптада мандаттарын тапшырган.

Жогорку Кеңешке партиянын тизмеси менен депутат болгондор мандатын тапшырса, тизмедеги кийинки адам анын ордун ээлейт, ал эми бир мандаттуу округдан келсе, кайра шайлоо дайындалат. Добуш берүү күнү азырынча белгилене элек.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимов менен байланышы бар депутаттар мандатынан ажыратылууда.

Тэги: Шайлоо БШК Жогорку Кенеш Искендер Матраимов Райымбек Матраимов мандат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу