Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 450 млн кубометрге азайды

16.01.2023, 16:42 Акчабар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 450 млн кубометрге азайды

Өткөн аптадан бери Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 450 млн кубометрге азайды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,56 эсеге көп. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматы билдирди. 

Ошондой эле, былтыркы жылдын октябрь айынын бери сууну керектөө 3,26 млрд куб метрди түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылытуу мезгилине салыштырмалуу 22%га көп.

Сууга болгон талаптын жогорулашын “Электр станциялары” ишканасы акыркы күндөрү керектөөнүн көбөйүшү жана өсүшү менен түшүндүрдү.

“Бул кыш мезгилиндеги электр энергиясынын максималдуу колдонулушуна байланыштуу. Электр энергиясын керектөө көбөйдү, ошондуктан өндүрүш көбөйдү. Өндүрүш өссө, анда суунун тартылышы да көбөйөт”, - деп түшүндүрүштү аталган мекемеден. 

Эске салсак, 12-январда өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясын колдонуунун көрсөткүчү максималдуу чекке жетип,  73,8 млн кВт. саатты түзгөн. Соңку күндөрү Бишкектин бир катар районунда кечки сааттарда электр энергиясы үзгүлтүккө учуроодо. “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын маалыматы боюнча, Кыргызстан бардык өндүрүштүк кубаттуулуктарды түгөткөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу