Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун биринчи этабы башталды

14.02.2023, 10:10 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун биринчи этабы башталды

Салык кызматы өлкөдө жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы башталганын билдирди. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Ага ылайык, 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек.  

  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Салык мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдан тарта Кыргызстандын бардык жарандары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. 

“Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этап 2023-жылы башталды. Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырышат”, - деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы зарыл.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу