Бирдиктүү салыктын негизинде 2,1 млрд сом салык чогултулду

28.03.2024, 15:47 Акчабар
Бирдиктүү салыктын негизинде 2,1 млрд сом салык чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогултту. Каражат 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Ошондой эле, салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. 2024-жылдын 1-мартына карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841 субъектке көп.  

Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъекттери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 5 жыл ичинде түшкөн акчадан 0,25% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан сырткары, тигүү өндүрүшүнүн субъекттеринде бул тармакта иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөө жок.

Белгилей кетсек, бирдиктүү салык системасы салыктын үч түрүн (киреше салыгын, сатуу салыгын жана салык салынуучу берүүлөргө КНСти) алмаштырат жана эски патенттик салык салуу системасы үчүн мыкты альтернатива болуп саналат, бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү салыктар төлөнгөн кирешелерди мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет. 

Тэги: Бирдиктүү салык Мамлекеттик салык кызматы КНС патент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу