Быйыл биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча “Газпром” компаниясы мамлекеттик бюджетке, анын ичинде Социалдык фондго 1 млрд. 929 млн. сом төккөн. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Газпромго” тиешелүү үч компания иштейт:
- “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы - компаниянын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргызстандын аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле иштеп жаткан газ өткөрүү тутумдарын реконструкциялоо жана кеңейтүү болуп саналат;
- “Газпром Нефть Азия” ЖЧКсы - компания республиканын аймагында мотор майын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.
- “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ЖЧКсы - Кыргызстанга авиакеросин жеткирүү үчүн логистика менен камсыз кылат.
Эсе салсак, 2022-жылы ишкананын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 5 млрд. 205 млн. сомдон ашкан.