Кечээ, 11-июнда Кореянын “T’Way Airlines” авиакомпаниясы аркылуу Сеулдан Бишкекке биринчи жолу түз аба каттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борборуна Кыргызстандын ордо калаасынан түз уча алышат.
Сеулдан Бишкекке учуу узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Ал эми Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.
“Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат. Учак Сеул шаарынан Бишкекке жекшемби күнү учат. Ал эми Бишкектен Сеулга дүйшөмбү күнү кайра учат. “Манас” эл аралык аэропорту авиа билеттерди сатпай турганын жана баа саясатына аралашпай турганын эскертет. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржы маселелерге кийлигишпейт”, - деп айтылат маалыматта.