“Бишкек” ЭЭАнын аймагында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлгөн

26.01.2022, 12:13 Акчабар
“Бишкек” ЭЭАнын аймагында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлгөн

“Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн аймагында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

“Бишкек” ЭЭЧнүн аймагында уруксат берүүчү документтери жок, техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерди мыйзамсыз иштетүү фактылары аныкталган.

“Бажы кызматынын жана “Бишкек” ЭЭЧнүн кызмат адамдарынын колдоосу менен алтынды бөлүп алуу боюнча иштер көп убакыттан бери жүргүзүп келген”,- деп айтылат маалыматта.

Белгиленген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тэги: алтынды бөлүп алуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу