Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 26-январь күнү, саат 14:55 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын эч өзгөрүүсүз бойдон калды.
АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 36, 25 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 36, 65 сомго, суюлтулган газ - 24, 6 сомго бааланууда.
АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 35, 9 сомду, АИ-95 - 37, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 44, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9 сом менен сунуштоодо.
Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 35, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:
- «Партнер Нефть» - 24, 9 сом менен;
- Bishkek Petroleum - 23, 8 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).