Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 3 млн сом насыя берилди

13.05.2024, 10:55 Акчабар
Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 3 млн сом насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 3 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорунун алкагында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ААК тарабынан берилүүдө.

2024-жылдын 10-майына карата долбоордун алкагында 21 каржылоо субъекттерине 3 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Белгиленгендей, кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

Тэги: газдаштыруу насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу