Бишкек мэриясы мектептерге жеке коргонуучу каражаттарды алууга 6,8 млн сом бөлдү

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке бара баштады. Мэриянын билим берүү башкармалыгы мектептерге жеке коргонуучу каражаттарды алууга акча бөлдү.

 

 

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, 18-январда мектептерге 53,5 миңден ашык окуучу барса, ошол эле класстардын 3,680 окуучусу онлайн түрдө билим алууда. 6 миңден ашык мугалим онлайн жана офлайн режиминде билим берүүдө.

 

«Бүгүнкү күндө бардык 97 мектеп жана 87 бала бакча жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болду. Жеке коргонуучу каражаттарга билим берүү башкармалыгы тарабынан 6,8 млн сом бөлүнгөн», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Бишкек мэрия каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу