Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагына караштуу ГЭС-5 жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунун айланма кесилишиндеги ортолук-тилке көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, көрктөндүрүү иштерине Лебединовка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 млн. 811 миң сом бөлүндү.
Ошондой эле, аталган долбоорго “Бишкек жашылдандыруу” ишканасы, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги да колдоо көрсөтүүдө.