2018-жылы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 4 кабаттуу мейманкананы жана 533 кв. метр аянтта курулган дүкөндү колдонууга уруксат беришти. Объекттерди курууга жөнөкөйлөтүлгөн уруксат берүүчү документтер жеке турак-жайларга берилет. «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» жана Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзам бузуулар катталса, шаардык прокуратура билдирип турат.
Мыйзамга ылайык, жөнөкөйлөтүлгөн уруксат берүүчү документтер, эки кабаттан, аянты 300 кв метрден ашпаган жеке турак жайларды курууга берилет. Андан сырткары, айыл чарбага ылайыкталган, бир кабаттуу 5 метрден ашпаган, аянты 100 кв метрди түзгөн курулуш иштерине дагы берилет.
Курулуш иштери аяктаган объектилерди экспулатацияга муниципалдык ишканалар эмес, архитектура-курулуш көзөмөлү кабыл алуусу керек.