Бишкекте "Бишкексүт" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Жыйында ишкананын өткөн жылдагы ишин бекитүү жана быйылкы жылга пландаштыруу маселелери каралды. 2023-жылдын финансылык жыйынтыгына жана 2024-жылга жылдык бюджетти бекитүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү жана директорлор кеңешинин курамы шайланды. Эсептөө комиссиясынын мүчөлүгүнө Махабат Керезбек кызы, Айнура Атабекова жана Валерия Мегер добуштардын басымдуу көпчүлүгү менен бекитилди.
Кийинки жылга аудитордук уюм катары "Бейкер Тилли Бишкек" ЖЧКсы тандалды. Аудитордук кызматтын баасы 20 миң сомду түздү.
Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө чечими кабыл алынды. Маанилүү жагдай уюмдун уставына өзгөртүүлөрдү бекитүү болду.