Бишкекте №20 бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

02.06.2023, 16:10 Акчабар
Бишкекте №20 бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкекте №20 бала бакча реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, бала бакчанын планы кайрадан иштелип чыгып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жаңы бала бакча 130 орунга ылайыкталган. 

Мектепке чейинки балдар мекемеси медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган. Имараттын ички аянты 1500 м², ал эми бала бакчанын жалпы аянты 0.52 гектарды түзөт.

Ошондой эле, бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду. Курулуш иштери “Аргын Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу