“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" муниципалдык ишканасы бүгүнтөн тарта №23 жаңы автобустук каттамды ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы автобус каттамы айланма жолдон – "Бишкекавтобекети" МИсинен башталат, ал чыгыш багытта Киргизская көчөсүнө чейин барат.
“Жалпысынан 25 автобус каттайт. "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки аралык 56 километрди түзөт. Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттөн 9 мүнөткө чейин болот. шаардыктар коомдук транспорттун кыймылын "Менин шаарым"мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөй алышат”, - деп айтылат маалыматта.