Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды

22.06.2023, 12:39 Акчабар
Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды

Бүгүнкү күндө Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 21-июнда Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. Анда аталган программанын алкагында түзүлүп жаткан үй тибиндеги бала бакчалардын билим берүү контентине, анын сапатына тийиштүү көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

“Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө тийиштүү методологиялык материалдар жеткиликтүү болушу кажет жана алар "Билимдүү муун" онлайн платформасында жана башка мобилдик тиркемелерде кеңири жайгаштырылуусу тийиш. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сан жагына гана эмес, сапаттык жагына да тийиштүү көнүл буруу керек”, - деди Чынбаева.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбордогу пилоттук райондордо үй тибиндеги 31 бала бакча ачылган. Кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 459 адамга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат берилген. Ал эми 149 адам аталган багытта жеке ишкер катары Мамлекеттик салык кызматында каттоодон өттү.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу