Бишкекте 4 миң доллар опузалоого шектүү эки жаран кармалды

22.02.2023, 13:49 Акчабар
Бишкекте 4 миң доллар опузалоого шектүү эки жаран кармалды

Бишкекте пара талап кылган деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айында РИИБге 39 жаштагы жаран кайрылган. Ал жаранды белгисиз адамдар Бишкектин Тунгуч кичи районунда өлтүрөбүз деп коркутуп, андан 4 миң доллар талап кылышкан. Кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп аташкан.  

“Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап пара талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголду”, - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөр 16-февралда кармалган. 

Кармалгандар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунун 31 жаштагы А.А.уулу жана Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы М.Т. аттуу тургундары болушат.

Учурда аталган кылмыш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу