Бишкекте «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү ачылды

22.10.2021, 16:35 Акчабар
Бишкекте «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү ачылды

Бишкекте агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган "АгроТехЭкспо-2021" көргөзмөсүнүн ачылышы болду. 

Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы сөз сүйлөп, бул жылы айыл чарба кызматкерлери жогорку кесипкөйлүктү жана өжөрдүктү көрсөткөндүгүн белгиледи.

"Аба-ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, атамекендик айыл чарба кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын камсыздоого чоң салым кошо алышты. Жеңилдиктер, насыялар, аба ырайынын катаал шартында дыйкандарды колдоого алуу, экспорттук субсидиялар жана жер семирткичтерди, транспортту жана күйүүчү-майлоочу майларды колдоо чаралары улантылат. Учурда биздин алдыбызда өзүбүздүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу милдети турат", - деди Акылбек Жапаров.

Жапаров ошондой эле тармактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айыл чарба кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлады.

Көргөзмөгө айыл чарба техникасы жана республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, жер-жемиштердин ондогон түрү жана сүт продукциялары коюлган.

Тэги: агроөнөржай көргөзмө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу