Бишкекте беш борбордук көчө кеңейтилет. Бул тууралуу 24 агенттигине мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, кеп Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Ахунбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов жана Фучик көчөлөрү тууралуу болуп жатат.
"Учурда долбоор даярдалууда", - деди калаа башчы.
Белгилеп кетсек, Бишкектин аталган көчөлөрүндө тыгындар эң көп катталган тилкелер жайгашкан.