Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкектеги бир нече акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотту.
Улуттук банктан билдиришкендей, 20-октябрга чейин төмөнкү жайлар иштебейт:
- Бишкек шаары, Манас проспекти 57, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан "УРМАТБЕК" ЖЧК алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Киев көчөсү 129 дареги боюнча жайгашкан "Батиста" ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-июлундагы № 6322 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 133 дареги боюнча жайгашкан "ЭЛКАЗЫНА кейджи" ЖЧКалмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы токтотулду.
Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 11-октябрынан тарта "Фикс Кэш" ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугу кайтарылып алынды.
Тэги: Улуттук банк лицензия акча алмаштыруу