Бишкекте бизнести талдоо боюнча эл аралык конференция өтөт

03.10.2023, 09:27 Акчабар
Бишкекте бизнести талдоо боюнча эл аралык конференция өтөт

7-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Орусия, Кипр жана Казакстандын бизнес-аналитиктери катышып, тажрыйбалары менен бөлүшөт. 

Спикерлер "Газпромнефть – Санариптик чечимдер", "EPAM Systems", "Сбербанк", "Geek Brains", "Escalate", "ЮниКредит Банк", "VEB Technologies" ж.б. сыяктуу компанияларда иштешет. 

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана анын 400дөн ашуун катышуучусу бар.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу