Бишкекте Борбор Азия технологиялык форуму өтөт

17.03.2023, 12:05 Акчабар
Бишкекте Борбор Азия технологиялык форуму өтөт

Ушул айдын 24-мартында Бишкек шаарында боло турган Борбор Азия технологиялык форумуна 5 мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлдеги IT-лидерлери катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Форумга президенттик администрациясынын өкүлдөрү, Американын ири “Amazon” электрондук соода платформасынын аймактык IT директору, Вашингтон университетинин IT билим берүү боюнча эксперттери, “JETRO” тышкы сооданы өнүктүрүү уюму башында турган Япониядан келген делегация катышат. 

“Анын алкагында АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Германиянын эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болот. Сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT билим берүүнүн келечеги талкууланат”, д деп айтылат маалыматта. 

Форумдун жыйынтыгында комитет түзүлөт. Ал жогоруда аталган өлкөлөрдүн эл аралык өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча билим берүү мекемелеринин ассоциациясы. 
Кошумчалай кетсек, форумдан кийин “Central Asian Tech Awards” аттуу өзүнчө иш-чарасы уюштурулуп, анда 7 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат. Жеңүүчүлөр Силикон өрөөнүнө (Калифорния штаты, АКШ) саякаттайт. 

Иш-чара Экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.  

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу