Бишкекте Борбор Азиядагы суу көйгөйү боюнча конференция өттү

20.03.2023, 16:25 Акчабар
Бишкекте Борбор Азиядагы суу көйгөйү боюнча конференция өттү

Бишкекте “Борбор Азиядагы суу ресурстары: чакырыктар жана перспективалар” аттуу конференция өттү.  Аталган конференцияга сууну жана анын тазалыгын башкаруудагы туруктуу ийкемдүүлүк, ошондой эле аймактагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо үчүн бардык кызыктар тараптар катышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, конференция жарандык коом тарабынан демилгеленип, өкмөттүн, парламенттин, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, жаштар жана аялдар уюмдарынын, эл аралык уюмдардын кесипкөй адистери катышты. 

Жашыл альянстын директору Илгиз Камбаров суу маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

“Суу жакынкы келечекте чечүүнү талап кылган орчундуу маселелердин бири болуп калды. Биз бүгүнкү жолугушууну көйгөйлөрдү жана чечимдерди дайыма талкуулоого мүмкүн болгон аянтча катары уюштуруп жатабыз. Келечекте көз карандысыз форум катары колдоп турабыз деген үмүттөбүз”, - деди. 

Конференцияда ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын суу ресурстарына тийгизген таасири, өзгөчө мөңгүлөрдүн азайышы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, энергетика жана азык-түлүк өндүрүшүнө, экосистемалардын саламаттыгына таасирин тийгизип жатканы айтылды. 

Ошондой эле, сууга болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгы жана сууну башкаруунун учурдагы механизмдерине басымды күчөтүүчү жана талаш-тартыштарга алып келиши мүмкүн болгон сууну ишенимсиз камсыздоо талкууланды.

“2050-жылга карата дүйнөлүк суу керектөө 20-30% га көбөйөт, ал эми 2050-жылга карата дүйнө калкынын саны 9 миллиард адамга жетет деп болжолдонууда. Ушундай шартта суу коомдук биримдик үчүн барган сайын маанилүү маселеге айланууда. Анткени ал азык-түлүк коопсуздугу, энергия өндүрүү жана экосистеманын саламаттыгы үчүн абдан маанилүү”, - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу