Бишкекте борбордук көчөлөрдү бошотуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев – 7-Апрель көчөсү – Чүй – Манас проспектиси менен чектелген аймактан жалпысынан 160тай кичи автобус чыгарылат.
Эске салсак, 1-этап 10-апрелде башталган. Ага ылайык, 135 маршрутка каттамдан алынган болчу.
Үчүнчү этап 1-июнда башталат жана 590дой маршруттук каттам калаа сыртына чыгат.