Бишкекте эки жаңы көпүрө салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Тендерди мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жарыялаган. Долбоордун сметалык баасы 151 млн 851 миң 32 сом, сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-июнь.
Лот-1 – Шүкүров көчөсүндөгү БЧК каналы аркылуу Медерова көчөсүнө чыгуучу көпүрөнүн курулушу – 23 млн 163 миң 965 сом. Курулушту аяктоо 2024-жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Лот-2 – Жибек-Жолу проспектиси боюнча Аламүдүн суусуна көпүрө куруу – 128 млн 687 миң 67 сом. Курулушту жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.