25-майда Бишкекте “BIFF2023” аталышында эл аралык Бишкек финансы форуму өтөт. Форум Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Кыргызстан банктарынын бирикмеси билдирди.
Аталган иш-чараны Кыргызстан банктарынын бирикмеси жана Улуттук банк уюштурууда.
Форум жыл сайын өтүүчү ири финансылык иш-чара болуп саналат. Ал пикир алмашуу, акыркы тенденцияларды талкуулоо, IT чечимдерин сунуштоо жана Кыргызстанда жана башка коңшу өлкөлөрдөн өнөктөштөрдү табуу үчүн эң мыкты аянтча болуп берет. Финансылык иш-чаранын негизги темалары каржы секторундагы тенденциялар жана инновациялар жана туруктуу каржылоо маселелери жана ESG принциптери менен байланышкан.