Бишкекте «Expo Eurasia - Kyrgyzstan» эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

29.03.2023, 14:50 Акчабар
Бишкекте «Expo Eurasia - Kyrgyzstan» эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

Бүгүн "Expo Eurasia - Kyrgysztan" эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Аталган көргөзмөнү Соода- өнөр жай палатасы өткөрүүдө. 

Маалыматка ылайык, көргөзмө жыл сайын кеңейип, чет элдик катышуучулар, бизнес коомчулугу жана карапайым жарандар үчүн жагымдуу аянтчага айланууда. Ага 50дөн ашык катышуучу жана 1500 адам катышууда. 

Көргөзмөгө тамак-аш, акыркы технология жана автоунаалар коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов палатанын активдүү ишин белгиледи.

«Соода-өнөр жай палатасы активдеше баштады. Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да көптөгөн көргөзмөлөр өткөрүлөт. Аларга ишкерлер активдүү катышууда. Бул экономикалык-соода байланыштары түзүлүп жатканынан кабар берет”,- дейт Эдил Байсалов. 

Белгилей кетсек, бул көргөзмө үч күнгө созулат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу