Мэрия ичүүчү сууга дифференцияланган тариф киргизиши мүмкүн

05.06.2023, 16:00 Акчабар
Мэрия ичүүчү сууга дифференцияланган тариф киргизиши мүмкүн

Бишкек шаарынын мэриясы ичүүчү сууга дифференцияланган тариф (ар башка) киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев брифингде билдирди. 

Анын айтымында, мындай чара келечекте сууну колдонууну жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

“Эгерде бир адам суткасына 170 литр сууну белгиленген нормада керектесе, анда тариф өзгөрбөйт. Эгер мындан көбүрөөк болсо, анда чен жогорулашы мүмкүн. Электр энергиясы сыяктуу. Эгерде абонент 700 киловатт керектесе, анда тариф өзгөрбөйт, андан көп болсо башка дегендей эле. Сууну керектөөнүн учурдагы нормасы аны чарбалык муктаждыктарга пайдалануу үчүн жетиштүү. Бирок сууну ысырап колдонууну көрүп жатабыз. Короо-жайларды сугаргандан улам, кээ бир жерге суу жетпей калып жатат”, - деди ал. 

Жыргалбек Шамыралиев жаңы төлөм системасын киргизүүнүн так мөөнөтүн атаган жок. Анын айтымында, бул маселе боюнча коомдук талкуу өткөрүлөт.

Эске салсак, борбордо суунун жетишсиздигинен улам көп көлөмдөгү суу керектеген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу