Бишкекте ислам бизнеси жана инвестициясы боюнча форум өтөт

27.02.2023, 17:15 Акчабар
Бишкекте ислам бизнеси жана инвестициясы боюнча форум өтөт

Ушул жылдын 13-14-мартында Бишкекте ислам принциптерине багытталган  "IBIF–2023" аттуу форум өтөт.  Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясынын вице-президенти Мурад Секакмия билдирди.

Маалыматка ылайык, изилдөөдө Кыргызстандын жарандарында ислам системасын жана анын адилеттүү принциптерин каржы, насыя, экономика жана ишкердик чөйрөсүндө колдонуу механизмдери жок экендиги аныкталган. Мындан улам форумду өткөрүү чечими кабыл алынган. 

“Форум Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтчанын бир түрү. Форум катышуучу өлкөлөргө бири-бирин жакындан таанып-билүүгө, ошондой эле социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоого, Борбор Азия өлкөлөрүндө ислам инвестициясын, ишкердүүлүктү жана инновацияларды илгерилетүү боюнча тажрыйба жана билим алмашууга жардам берет деп ишенебиз”, - деди Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясынын вице-президенти Секакмия.

Форумдун катышуучулары ишкерликти өнүктүрүү, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө ислам каржы системасын илгерилетүү маселелерин талкуулашат.

“Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн Кыргызстан инвестиция салууга боло турган жаңы аймак. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бул жерде инвестиция абдан аз. Биздин талдообуз боюнча, жергиликтүү каржы институттары каржылоону ислам принциптери менен жүргүзбөйт экен”, - деди Секакмия.

Форумдун жүрүшүндө эл аралык экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн стратегиялык перспективаларын аныктоо боюнча сунуштар иштелип чыгат. Ошондой эле, инвестиция жана ислам финансы системасынын институттарынын иштеши жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мыйзамдык демилгелер сунушталат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу