Бишкекте катуу таштандыларды жоюу боюнча долбоор ишке ашууда

07.02.2023, 10:54 Акчабар
Бишкекте катуу таштандыларды жоюу боюнча долбоор ишке ашууда

Бишкек мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Евросоюз менен бирге "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа Союзу менен биргеликте 22 млн евро суммасында "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда.  

“Анын ичинде гранттык каражаттар 11,0 млн евро жана кредиттик каражаттар 11 млн евро”, - деп айтылат маалыматта. 

Долбоордун алкагында тиричилик таштандыларын жабуу, рекультивациялоо жана жаңы санитардык полигонду куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, полигондун аянты 12,4 гектарга көбөйгөндүктөн, башкы подрядчы фильтратты жок кылуу жана кошумча аймакты рекультивациялоо боюнча иш-чараларды камтыган жаңыланган иш долбоорун иштеп чыгууга киришти. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу