Бишкекте келерки айда «Кыргызстан ЭКСПО-2023» көргөзмөсү өтөт

12.09.2023, 14:29 Акчабар
Бишкекте келерки айда «Кыргызстан ЭКСПО-2023» көргөзмөсү өтөт

Келерки айдын 27-29-октябрында “Кыргызстан ЭКСПО-2023” Эл аралык универсалдуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, көргөзмө Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Ага ондон ашык өндүрүш тармагы катыша алат, атап айтканда: 

  • жеңил өнөр жай;
  • айыл чарба продукциялары;
  • бал, бал азыктары;
  • энергетика;
  • транспорт жана логистика;
  • мамлекеттик стандарт;
  • банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
  • айыл чарба техникасы;
  • туризм жана саякат;
  • тоо-кен өнөр жайы;
  • минералдык жер семирткич;
  • самын, жуучу каражаттар ж.б.

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу