Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
"Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деди Муратбек Азымбакиев.