Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

16.02.2024, 15:27 Акчабар
Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

Белгиленгендей, бүгүн эртең менен “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын 126 троллейбусу, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын 569 автобусу (анын ичинен 4 мектеп), “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын 286 кичи автобусу, “Эко жүргүнчүлөр жеткизүү” ЖЧКсынан 127 жеке автобус жана “Аламүдүн автотранс” муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыккан. 

Кошумчалай кетсек, шаардын аймагында 671 кичи автобус иштейт. 

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат. 

 

Тэги: коомдук транспорт Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу