Бишкекте коомдук транспорттун акысы дагы көтөрүлүшү мүмкүн

23.04.2024, 13:11 Акчабар
Бишкекте коомдук транспорттун акысы дагы көтөрүлүшү мүмкүн

Коомдук транспорттун тарифтери азыркыдай эле кала берсе, Бишкекке ташылып келген автобустар өзүн актай албайт. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Байгончоков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы газ автобустарын сатып алуу боюнча гранттык макулдашууну талкуулоо учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, бир автобус орточо эсеп менен 115 миң евро турат.

“Бүгүнкү күндө коомдук транспортто накталай эмес жол кире 17 сомду, накталай түрдө 20 сомду түзөт. Мындай баада алар өзүн актабайт. Ал үчүн тарифти көтөрүү керек. Тарифтер 25 сом болуп, тетиктердин баасы өзгөрүүсүз, курсу туруктуу болсо, балким 8-10 жылдан кийин өзүн актап калат”, - деди ал. 

Тэги: коомдук транспорт тариф Бишкек мэриясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу