Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму башталды

28.02.2024, 10:38 Акчабар
Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму башталды

Бүгүн Бишкектеги “Novotel” мейманаканасында кыргыз-түрк бизнес форуму өтүүдө. Ага кыргызстандык жана түркиялык ишкерлер катышууда.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркиядан 60тан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү келип, катышууда. Ал эми кыргызстандык 150дөн ашуун ишкана катышып жатат.

Форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын алакасы өнүгүп жатканын белгиледи.

“Медицина, туризм, текстиль, өнөр жай жана айыл чарба, тери булгаары иштетүү жаатында жакшы иштер жүрүүдө. 2023-жылы Анкарада Кыргызстандын соода үйү ачылды. Кыргыз алтыны Түркияга жакшы экспорттолууда. 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 1 млрд 500 млн долларды түздү”, - деди ал.

Тэги: Түркия бизнес ишкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу