Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес кеңеши өтөт

18.01.2023, 10:28 Акчабар
Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес кеңеши өтөт

Ушул айдын 25-январында Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин бизнес кеңеши өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өтөрү пландалууда. 

“Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Соода-өнөр жай палатасы Министрлер кабинети менен биргеликте эки өлкөнүн ишкерлеринин алакасын активдештирүүгө көмөктөшүүнү көздөөдө. Ишкерлер кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү кызыктар экенин жана эки мамлекеттин ортосунда чечилиши керек болгон көйгөйлөрдү айтууну каалашты. Ассоциация лидерлери өзбек кесиптештери менен талкуулоо үчүн документтердин пакетин беришет. Ушундай эле документтердин тизмеси өзбек тараптан да күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, ишкерлер кеңеши 2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда түзүлгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу