Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан-Казакстан" бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Форумга Казакстандан жыйырмадан ашык компания катышты. Иш-чара эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталды.
Иш-чаранын алкагында панелдик талкуу өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери өз компанияларынын продукцияларын көрсөтүштү.
“Бул бизнес-форум Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү иш-чара болуп калды. Бул эки мамлекетте тең бизнести өркүндөтүп, жаңы өнөктөштүктү орнотууга жана билим алмашууга жагымдуу шарттар түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, 2018-2022-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 36,1%га өскөн. Экспорт 62,1%ды түзсө, импорт 24,4% болгон.