Бишкекте Кыргызстан менен БАЭнин ишкерлери жолугушат

07.02.2023, 16:46 Акчабар
Бишкекте Кыргызстан менен БАЭнин ишкерлери жолугушат

Быйыл 20-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өтөт. Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жолугушуу боюнча сүйлөшүүгө келишти. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар менен Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев жолугуп, Кыргызстандагы потенциалдуу инвесторлор үчүн түзүлгөн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, жеңилдиктер жана башка шарттар тууралуу айтып берди.

Март айында боло турган бизнес жолугушууга Кыргызстанга азык-түлүк товарларын импорттоо, логистикалык кызматтарды көрсөтүү, айыл чарба жана медициналык продукцияларды кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыктар тараптар келет. Алдын ала маалыматтар боюнча 20 ишкер келери күтүлүүдө. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу