Бишкекте ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштей турган алгачкы социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дүкөн коомдук бирикме тарабынан ачылып, ордо калаанын Турусбеков көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан.
Анда нан, сүт азыктары, ошондой эле кийизден, жүндөн жасалган буюмдар, себеттер сатылат. Товарларды чыгарууга жана даярдоого 16 жашка толгон 24 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катышууда. Алар чебер кол өнөрчүлөрдөн, ошондой эле кондитерлерден атайын окуудан өтүшкөн.