Бишкекте майыптыгы барлар үчүн атайын такси кызматы иштөөдө

22.09.2023, 13:30 Акчабар
Бишкекте майыптыгы барлар үчүн атайын такси кызматы иштөөдө

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 211 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, анын 37 миңи балдар. Өлкөдө майыптыгы бар жарандар үчүн атайын транспорт болбогондуктан, алар шаар ичинде эркин жүрө албай келет.

Эми гана бул орчундуу көйгөйгө көңүл бурулуп, жакында эле Кыргызстанда майыптыгы барлар үчүн атайын такси иштей баштады. Эми алар коомдук транспортко түшпөстөн өз алдынча жолугушууларга, иш-чараларга, ал тургай башка аймактарга да барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Акчабардын” кабарчылары атайын унаанын жүргүнчүсү менен  баарлашып кайтты.

Каарманыбыз 27 жаштагы Бенжамин Садыков. Ал тубаса майып. Учурда IT тармагында аралыктан иштейт. Ошондой эле, ал параолимпиадалык спорттун түрү бочча менен алектенет. Өспүрүмдөр арасында Европа чемпиону жана Орусиянын 5 жолку чемпиону. Учурда ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн “Акылдуу үй” долбоорун иштеп чыгууда.

“Мен активдүү адаммын, бул дүйнөнү изилдегим келет, мүмкүн болушунча көп кызыктуу жана кооз жерлерге баргым келет. Алар Кыргызстанда абдан көп, бирок транспорттон улам муну кыла албайм. Мен көбүнчө шаарды автобус менен кыдырам. Айтмакчы, автобустар майыптар үчүн ыңгайлаштырылган, анткени аларда атайын пандустар бар. Бирок, тилекке каршы айдоочулар дайыма эле бордюрга өтө жакын айдап, пандустарды түшүрүп, кирүүгө жардам берүү керектигин түшүнө беришпейт. Көбүнчө башка жүргүнчүлөрдөн колясканы автобуска көтөрүүнү суранышыңыз керек, бул эки кишиге да оңой эмес, анткени анын салмагы дээрлик 110 килограмм”, - дейт Бенжамин Садыков.

Ал башка такси кызматтарын да колдонот, кээде айдоочулар майыптар арабасын көрүп, кетип калган учурлар болот.

"Мен аларды түшүнөм, бул алардын милдети эмес. Бирок мен да адаммын жана мен да шаарда эркин жүргүм келет"- дейт ал.

Белгилеп кетсек, бул социалдык долбоор такси айдап, үй-бүлөсүн камсыздаган аялдарды колдоого багытталган. Аны Кыргызстандагы “Good Neighbors” уюму ишке ашырууда. Бул кызмат үчүн атайын унаалар Европадан алынып келинген. Унаалар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташууга ылайыкталган.

Бул долбоордун алкагында мектеп окуучуларын үйдөн мектепке жана кайра үйгө жеткирүү кызматы да ишке ашып келет. Ал эми айдоочулар аялдар. 

Долбоорду ишке ашыруучулардын айтымында, 2019-жылдан тарта унаалар базар баасынын жарымына, күнүнө 500-600 сомдон ижарага берилип келет. Бул чыгымга автоунааны жана бардык жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу жана аны тейлөө кирет. Учурда автопаркта 7 унаа жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн 2 адистештирилген унаа бар. 

Кыргызстандагы “Good Neighbors” филиалынын башкы менежери Дастан Жусупбеков учурда мындай такси кызматы майыптар үчүн өтө маанилүү экенин айтып, ишкерлерди жана муниципалдык мекемелерди долбоорго көңүл бурууга чакырды.

Айта кетсек, атайын жүргүнчүлөр үчүн жол киреге жеңилдик каралып, мындай сапарга чыккан айдоочулар уюштуруучулардан социалдык жеңилдиктерди алышат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу