Бишкекте наркы 1 млрд сомдон ашык жер мамлекетке кайтарылды

29.05.2024, 14:35 Акчабар
Бишкекте наркы 1 млрд сомдон ашык жер мамлекетке кайтарылды

Бишкекте баасы 1 млрд сомдон кымбат болгон 2,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Анын жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында муниципалдык жер участогун төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алуу жана алдын ала макулдашуу боюнча жеке менчикке чыгаруу фактысын аныктаган.

"Тактап айтканда, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң аталган жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына жеке менчикке алынган, бирок аталган участоктун ошол кездеги иш жүзүндөгү базар баасы 2 млн АКШ долларын түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталып, ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу