Бишкекте 1-июндан тарта таза сууга тариф көтөрүлөт

30.05.2023, 14:54 Акчабар
Бишкекте 1-июндан тарта таза сууга тариф көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңеши таза сууга жана канализацияга болгон тарифтин баасын көтөрүү боюнча токтом долбоорун колдоду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, токтом 1-июндан тарта күчүнө кирет.

Документке ылайык, бир куб метр таза суу:

  • шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго;
  • бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттайт.

Ал эми канализацияга болгон тариф төмөнкүдөй:

  • шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго;
  • бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго жогорулайт.

Белгиленгендей, “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору” боюнча алынган насыяны төлөө жана бул тармактагы техникалык тейлөөнү жакшыртуу үчүн бааны көтөрүү муктаждыгы жаралган.

“Тарифти өзгөртүүгө шаар тургундарын таза суу менен камсыздоодогу коопсуздук жана гигиеналык талаптарды аткарууга, саркынды сууларды тазалоо, суу-канализация түтүктөрүн жаңылоо иштери жасалат”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу