Бишкекте ун сатылган жарманкелер уюштурулууда

21.09.2023, 09:50 Акчабар
Бишкекте ун сатылган жарманкелер уюштурулууда

Айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчү ассоциациялар жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте унду тегирмендин баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок экенин түшүндүрдү. 

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги: 

  • “Ош” базары; 
  • “Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы); 
  • “Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши); 
  • “Дордой фут” базары. 

Ага ылайык, Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы: жогорку сорт — 1 860 сом; 1-сорт — 1500 сом; 2-сорт — 1125 сом. 

“Буга чейин казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу