Бишкекте жасалма Шенген визасын даярдап, аны сатуу менен алектенген Пакистандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки пакистандык жаран Казакстан, Орусия жана Беларустун аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө Италиянын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын түзүшкөн.
Чет элдик жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочуна жайына камалды. Аларга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.