Бишкекте жогорку технологиялуу рентген хирургия борбору ачылды

26.03.2024, 10:56 Акчабар
Бишкекте жогорку технологиялуу рентген хирургия борбору ачылды

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентген-хирургиялык борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыра Бейшеналиевдин айтымында, бул борбор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “COVID-19га өзгөчө чара көрүү” долбоорунун алкагында ачылды.

“Аппарат клиникалык практикага уникалдуу минималдуу инвазивдүү эндоваскулярдык операцияларды киргизүүгө салым кошот, бул миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап калат. Жыл сайын бул аппараттын аркасында инсульт жана жүрөк-кан тамыр системасынын башка оор ооруларына 3 миңден 5 миңге чейин операцияны бекер жасоо пландалууда”, - деди ал. 

Тэги: рентген кардиология коомдук саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу