Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк медицина борбору 5,5 млн сомго оңдолот

05.06.2023, 14:41 Акчабар
Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк медицина борбору 5,5 млн сомго оңдолот

Бишкек шаарындагы №9 үй-бүлөлүк медицина борбору 5 млн. 582 миң 366 сомго сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, тендерге арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 19-июнь. Ал эми имарат ушул жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлүшү керек. 

Талапка ылайык, арыз берген тараптын 2021-2022-жылга мамлекетке салыктык карызы болбошу шарт.

Ошондой эле, 2021-2022-жылдарга карата башкы подрядчы катары аткарган жумуштары жөнүндө маалыматты так көрсөтүү менен объектти, иштин башталган күнүн, курулуштун кайсы баскычта экенин же пайдаланууга берилгенин көрсөтүшү керек. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу