Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.
Маалыматка ылайык, бала бакча “Ак босого” конушунда курулат. Мекеме 140 орунга ылайыкташкан.
Тендердин пландалган суммасы 111 млн. 977 миң 801 сомду тузөт. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 28-июнь.