Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору 4,987,000 млн. сомго медициналык жабдууларды сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендердик сунуштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 16-июнь.
Талапка ылайык, конкурска катышып жаткан тараптын салык боюнча карызы болбошу керек.
Ошондой эле, эки жылдан кем эмес окшош келишимдерди, кызматтарды аткаруу тажрыйбасына ээ болушу шарт.