Бишкектеги кайра шайлоого 16 талапкер расмий катталды

23.01.2022, 19:30 Акчабар
Бишкектеги кайра шайлоого 16 талапкер расмий катталды

Боршайком Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган 32 талапкердин он алтысын каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыялынды.

Маалым болгондой, талапкерлердин аарсында мурдагы депутаттар, адвокат, юрист журналисттер бар. БШК шайлоо округдарынын биринде эки талапкер бирдей добушка ээ болсо, документтерин биринчи тапшырып, каттоодон биринчи өткөн талапкер жеңүүчү болорун эскертти.

Эске салсак, №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 27-февралда өтөт. Аталган эки тилкеде 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кеткен.

Тэги: Шайлоо Талапкер БШК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу